среда, 14 декабря 2016 г.

“Караңгыга жарык чачкан сөз касиети”

2016-жылдын 12-декабрында КМЮАнын илимий китепканасында, Улуттук Адабият күнүнө карата “Караңгыга жарык чачкан сөз касиети” аттуу темада иш чара өткөрүлдү. Бул өткөрүлгөн жаткан иш чара кыргыз элинин сыймыгы улуу жазуучу А. Осмонов жана Ч. Айтматовду эскерүү менен улуттук адабият күнүнө арналган.
Бул иш чара Мамлекеттик, расмий жана дүйнөлүк тилдер жана лингвистикалык технологиялар борбору менен биргеликте өткөрүлдү. Иш чараны илимий китепкананын директору Медетова Нуржамал Медетовна ачып андан соң башкы китепканачы Сулайман кызы Разия калыстар тобун тааныштырууга өттү. Калыстар тобуна сырттан келген коноктор “Тил жанан маданият” гезитинин башкы редактору Исмаилова Кундуз жана жаш акын, көптөгөн сыйлыктардын лауреаты Манас-Түрк университетинин окутуучусу Исмаилов Алтынбек болду. Мамлекеттик, расмий жана дүйнөлүк тилдер жана лингвистикалык технологиялар борборунун жетекчиси Мырзажанова Гульзад Бердибековнага сөз берилип андан кийин улуттук адабиятка арналган слайд шоу көрсөтүлдү.
Иш-чаранын алкагында академиянын таланттуу студенттеринин катышуусунда “Жаш таланттар” сынагы өткөрүлдү. Сынактын катышуучулары “Чечендик чеберчилик” ийриминин жетекчиси Ж. Ибраимова даярдаган студенттер берилген тапшырмалар боюнча мыкты деңгээлдерин көрсөтүшүп студенттер өз чыгармаларын окушту, андан соң акындардын обондуу ырлары аткарылды. Ошондой эле кыргыз улуттук адабиятына арналган суроо жооптор конкурсу өткөрүлүп, аягында жыйынтыктоочу сөз калыстар тобуна берилип, мыктыларга дипломдор жана белектер тапшырылды.
Сынакта өзүнүн талантын ар тараптан көрсөткөн студенттер жеңишке ээ болушту:
  1. Адвокат жана юстиция факультетинин 3-курсунун студенти Смайл уулу Эрлан татыктуу болду
  2. Адвокат жана юстиция факультетинин 2- курсунун студенти                                  Маатназаров  Марлен
  3. Башкаруу укук факультетинин 2-курсунун студенти Алтынбек уулу                        Нурдин ээ болду.
Өткөрүлгөн иш-чаранын максаты - улуттук адабияттын өсүп өнүгүшүнө салым кошкон акын, жазуучуларыбыздын чыгармаларын жаш муундарга кеңири жайылтуу болуп саналат.  

Катышуучулар да ушундай иш-чара, өткөрүлүп туруш керек экендигин белгилешип, иш-чарага кызыгуу менен катышып улуттук адабиятты дагы да бийик тепкичтерге көтөрүлүшүнө  тилектеш экенин билдиришти.








Комментариев нет:

Отправить комментарий