Кыргызча


Илимий китепкананын тарыхы

      Илимий китепкана–Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын  эң керектүү  бөлүмү деп эсептелинип, ал студенттерди жана окутуучуларды библиографиялык-маалымат тейлөө ишин камсыздайт.
    Китепкана 1994-жылы  Ж.Баласагын атындагы КУУ Кадрларды  кайрадан даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун    астында түзүлгөн.  12-август 2003-жылдан бери  Кыргыз мамлекеттик юридикалык академясынын илимий китепканасы деп  аталат.
  Китептердин кору академиябыздын багыты менен түзмө-түз  байланышта. Китептер кафедралардын өтүнүчү менен, декан, проректордун көзөмөлдөөсү менен гана алынат. Китепкана кору  01.01.2015 ж. 39359  нусканы  түзөт. Жылына 60тан ашык журнал, гезиттерге жазылып, алып турабыз. Маалымдоо кору жалаң гана адаттагы каталог жана картотека карточкалары эмес  электрондук  нускаларды да түзөт. Азыркы мезгилде электрондук нускалар 1158 даана, 1108 автореферат, 806 макалалар түзөт. Алардын саны күнүнө көбөйүп өсүүдө. 

Катталган окурмандардын саны  01.01.2015ж. - 7543
Жылына окурмандарды китеп жана башка материалдар менен тейлөө -147667 нуска.
Китепканага  окурмандардын келүүсү жылына – 112780 санды түзөт.

    Илимий китепкананын баардык аянты 297м2 түзөт. 2 абонемент, 133 орундуу 4 окуу залы бар (бир окуу залы – КМЮА-нын 2 имаратында Көк-Жарда, 1 абонемент, окуу залы менен-Юридикалык колледжде (№4 орто мектептин имаратында  жайгашкан).  Китепкананын техникалык жабдуусу - 48 компьютер, 2 принтер, 1 сканер.
Окурмандарга төмөнкү  аталган казматтарды көрсөтөбүз:
•        Маалымат-библиографиялык издөө
•        КМЮАнын порталы
•        «Токтом» МИС
•        Электрондук юридикалык  сөздүк
•        Тематикалык баштыкчалар
•        Жаңы гезит  жана  журналдар
•        Электрондук базалар
     Илимий китепкананын кызматкерлери академияда өткөрүлүүчү иш-чаралардын баардыгына активдүү катышышат. Мисалы:  КР Борбордук мамлекеттик архивдин корунан өтө баалуу, сейрек иш кагаздарын топтоп академияда «КР юридикалык билиминин тарыхы» аттуу көргөзмө - галереясы  даярдалган.
  КР китепканалар маалымат консорциуму (КМК) жана Электрондук  китепканалардын асоциациясы (ЭКА) менен тыгыз иштеп,  окутуучуларга машыгуу үйрөнүмдөрдү өткөрүп, алардын илимий иштерин, жана макалаларын  АДКР жана КИРЛИБНЕТ сайтына жайгаштыруу иши активдүү жүрүп жатат.
    Андан тышкары студенттерге жана  окутуучуларга арналган китеп-көргөзмөлөр, тематикалык папкалар даярдалып турат.
   Азыркы мезгилде биздин жаамат “КМЮАнын китепкана жана маалымат комплекси» аттуу долбоорунун  чегинде «КМЮАнын ИК корунун башкаруусун өркүндөтүү» программасын иштеп чыгып, аны ишке ашыруунун камын көрүп жатат. Программанын негизинде бүт китепкана иштерин автоматташтырып, аны жалаң эле КМЮАнын китепканасында колдонуу эмес, КМЮАнын Ысык-Көл юридикалык институтунда, Нарын, Талас юридикалык колледждеринин китепканаларына жайылтууну  максат койдук.