вторник, 15 декабря 2015 г.

Конкурс “Айкөл Манас: Улутум кыргыз, урааным Манас!”

2015 жылдын бештин айынын 10да Илимий китепкана жана сот-прокурор факультетинин Манастаануу мугалимдери менен биргеликте “Айкөл Манас: Улутум кыргыз, урааным Манас!” аттуу конкурс өткөрүлдү. Бул конкурска катышуу үчүн  алдын-ала тандоо сынагы жарыяланып, ар бир каалоочу өз күчүн сынашты. Сынактын жыйынтыгы менен “мыктынын-мыктысы” деген 10 студент конкурска жолдомо алышкан.
1
Абдыкадырова Бегайым 

2
Нарынов Кутман

3
Абдыжапарова Анара

4
Атай уулу Сыймык

5
Осмолнова Наргиза

6
Көчкөнбай уулу Азиретаалы

7
Алимбеков Назбек

8
Асылбеков Адилет

9
Замирбекова Жаркынай

10
Дастанова Урмат
















Бул иш-чаранын максаты: жалпы студенттерге “Манас” эпосун кеңири жайылтуу менен кыргыз элинин тарыхын, тилин, каада-салтын жаш муундардын эсине салуу жана ошондой эле эл-жерин сүйө билген, ынтымактуу, биримдиктүү эл экендигин даңазалап, мекенчиликке тарбиялоо.
Калыстар тобунун мүчөлөрү:
1.     Жаштар иштери, эстетикалык тарбия, дене тарбия жана спорт борборунун башчысы- Кыдыралиев Алмаз Тойматович
2.     Мамлекеттик, расмий, дүйнөлүк тилдер жана лингвистикалык технологиялар борборунун мугалими  - Карыбек кызы Назгуль
3.     Илимий китепкананын жетекчиси  - Медетова Нуржамал Медетовна.

Конкурс үч бөлүктөн болду. Биринчи бөлүктө жалпы 25 суроо берилип, андан эң жогорку балл топтогон 4 студент экинчи бөлүккө  өттү.
Экинчи бөлүктүн шарты боюнча 4 категория берилген. Аны биринчи тандоо укугуна эң көп упай топтогон тергөө-криминалистикалык факультетинин студенти Нарынов Кутман ээ болду.
Үчүнчү бөлүккө жогорудагы системадагыдай эле көп балл топтогон тергөө-криминалистикалык факультетинин студенттери Абдыкадырова Бегайым жана Нарынов Кутман өтүштү.
Акыркы бөлүктө үч туура жоопко чейин оюн болуп, атаандашынан озуп өткөн Бегайым жеңишке ээ болду.
Катышуучулардын баарына кызыктыруучу белек берилип, алдыңкы эки жеңүүчүгө “Манастын акылман урпагы” наамындагы грамота, китептер жана сумка менен сыйланышты.