вторник, 15 декабря 2015 г.

“Эң оор жакырчылык - билимсиздик”

2015-жылы бештин айынын 11де Кыргыз Республикасынын Улуттук адабият күнү жана Ч. Айтматовдун туулган күнүнө арналган китеп көргөзмө жана “Ачык эшик” иш чарасы болуп өттү. Көргөзмөдө студенттер илимий китепканадагы кыргыз жазуучуларынын кыргыз жана орус тилиндеги эмгектери менен тааныша алышты.
Иш-чаранын 1чи максаты: Сыймыгыбыз болгон дүйнөлүк жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Төрөкуловичти, анын терең философиялык чыгармаларын жаңы муундарга кенен жайылтуу болсо, 2 чи максаты: келечек-коомдо кыргыз адабиятын өнүктүрүү менен руханий байлыгыбызды арттыруу.
Иш-чараны Мамлекеттик, расмий, дүйнөлүк тилдер жана лингвистикалык технологиялар борборунун башчысы Г.Б. Мырзажанова ачып, өз сөзүндө:  Кыргыз адабиятына жана маданиятына чоң салым кошкон белгилүү жазуучулардын чыгармаларын окуу менен ички дүйнөнүн байлыгын кеңейтүүгө болоорун баса белгилеп, акын-жазуучулардын өмүр жолунан да кызыктуу маалыматтарды айта кетти.
Андан соң  илимий китепкананын башчысы Н.М. Медетова “КИРЛИБНЕТ”, “Лань”, “eLIBRARY.RU”, “DOAJ электрондук топтомдорду студенттерге тааныштырды. Көргөзмөгө келген студенттер менен суроо-жооп оюн ойнолуп, кызыктыруучу белектер менен сыйланышты. Эң көп суроого жооп берген Абдылдаева Бегайым үч китеп утуп алды. Андан калышпай Турдубаев Бекболот, Талантбекова Каныкей, Балтабаева Гуласалхан, Казыбекова Алиналар да билим уюткусу болгон китептерге ээ болушту. Бул күнү китепкананын баардык маалыматтары толук ачык болуп, каалоочулар илимий китепкананын фонду менен тоскоолдуксуз таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.